Редакцияот 24.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2023-жылдын 24-февралы № 39

2020-жылдын 18-декабрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн миналарды гуманитардык зыянсыздандыруунун биргелешкен инженердик бөлүмү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

2020-жылдын 18-декабрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн миналарды гуманитардык зыянсыздандыруунун биргелешкен инженердик бөлүмү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 15 (3464) жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

2023-жылдын 25-январында

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган