Редакцияот 26.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2023-жылдын 26-майы № 113

2022-жылдын 21-июнунда Манама шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Бахрейн Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

2022-жылдын 21-июнунда Манама шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Бахрейн Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө бахрейн тарапка кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 2-июнундага № 44 (3493) санына жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2023-жылдын 3-майында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган