Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

2023-жылдын 17-июлу № 140

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө

(КР 2025-жылдын 9-августундагы № 194 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

Ушул конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди пайдалануунун жана мамлекеттик тил саясатын жүзөгө ашыруунун укуктук негиздерин, аны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүдө мамлекеттик органдардын, мекемелердин, уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин белгилейт, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин пайдаланууда жарандардын укуктарын камсыз кылат.

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Кыргыз тили - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили

1. Кыргыз тили Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасында кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары статусу ушул конституциялык Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда аныкталган бардык чөйрөлөрдө анын милдеттүү түрдө пайдаланылышын камсыз кылат.

3. Мамлекеттик тил пайдаланылган бардык чөйрөлөрдө кыргыз адабий тилинин орфоэпиялык, орфографиялык, стилистикалык, грамматикалык ченемдери сакталат.

Кыргыз адабий тилинин алфавити жана орфоэпия, орфография эрежелери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет.

4. Мамлекеттик тил Кыргыз Республикасынын бардык этносторун бириктирүүчү жана алардын өз ара түшүнүшүүсүн жана байланыштарын бекемдөөгө өбөлгө түзүүчү Кыргыз Республикасындагы улуттар аралык баарлашуу тили болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин пайдалануу милдеттүүлүгү Кыргыз Республикасынын этносторунун эне тилин пайдалануу укугун тануу же кемсинтүү катары чечмеленбөөгө тийиш.

2-берене. Расмий тилдин жана башка тилдердин пайдаланылышы

1. Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили пайдаланылат. Расмий тилди пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасы өзүнүн аймагында жашаган бардык этностордун өкүлдөрүнүн тилдерин эркин пайдалануу принцибин карманат жана бул тилдерди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө кепилдик берет. Кыргыз Республикасынын ар бир жараны өз эне тилин сактоо, окуп үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө укуктуу.

3-берене. Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдар

1. Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул конституциялык Мыйзамдан, мамлекеттик тилди пайдаланууну жана өнүктүрүүнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.

2. Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын жарандарына, Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жайылтылат.