Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2024-жылдын 28-майындагы N 90 конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

2023-жылдын 19-июлу № 141

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө

1-берене

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинин 4-бөлүгүнүн колдонулушу токтотулуп турат жана 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын бөлүштүрүүгө жайылтылбайт деп белгиленсин.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы пайданы 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин кирешесине токсон пайыз өлчөмүндө, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын милдеттүү резервине он пайыз өлчөмүндө которууну жүзөгө ашырсын.

2-берене

Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эркин-Тоо газетасынын 2023-жылдын 21-июлундагы № 58 (3507) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Н.Жапаров

2023-жылдын 29-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган