Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 8-августу № 168
Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө
(КР 2025-жылдын 31-декабрындагы N 262 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында этил спиртин өндүрүүнүн, импорттоонун, сактоонун жана сатып өткөрүүнүн жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуунун укуктук негиздерин белгилейт.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары
Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополияны белгилөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында алкоголдук продукцияны өндүрүүнү натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуу ушул Мыйзамдын максаты болуп саналат.
2-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
Ушул Мыйзамдын колдонулушу катышуучулары уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин формаларына карабастан, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар, ошондой эле алкоголдук продукцияны чекене сатууну жүзөгө ашыруучу жеке ишкерлер катышуучулары болуп саналган мамилелерге жайылтылат.
3-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн пайдаланылуучу негизги аныктамалар
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй аныктамалар пайдаланылат:
1) этил спирти - кантты жана крахмалды камтыган чийки затты (мөмө-жемиштерди кошпогондо) спирттик ачытуу методу менен, андан ары браганы кайрадан тартуу жана (же) брагоректификациялоо же учуп кетүүчү коштомо аралашма камтылган чийки зат этил спиртин ректификациялоо менен өндүрүлгөн, ошондой эле азыктык чийки заттан жана этил спиртин, аракты, ликер-арак ичимдиктерин өндүрүү учурунда пайда болуучу кайра иштетүү продуктуларынан даярдалган этил спиртинин башкы фракциясынан алынган этанолдун суу аралашмасынан турган, күчтүүлүгү 88 пайыздан кем эмес алкоголдук продукция. Этил спирти чийки зат этил спиртине жана ректификацияланган этил спиртине бөлүнөт. Этил спиртин өндүрүү үчүн ЕАЭБдин "Алкоголдук продукциянын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентинин (ЕАЭБ ТР 047/2018) 2-тиркемесине ылайык тизмекте көрсөтүлгөн азыктык чийки зат колдонулат;
2) ректификацияланган этил спирти - кантты жана крахмалды камтыган чийки затты спирттик ачытуу, кийин браганы брагоректификациялоо менен же чийки зат этил спиртин, ошондой эле азыктык чийки заттан даярдалган этил спиртинин башкы фракциясын жана азыктык чийки заттан, арактан, ликер-арак ичимдиктеринен этил спиртин өндүрүү учурунда пайда болгон жана учуп кетүүчү коштомо аралашмаларды камтыган кайра иштетүү продуктуларын ректификациялоо методу менен өндүрүлгөн, кубаттуулугу 96 пайыздан кем эмес этил спирти;
3) чийки зат этил спирти - ректификацияланган этил спиртин өндүрүү үчүн багытталган жетилген браганы кайра тартуу менен даярдалган, кубаттуулугу 96 пайыздан кем болбогон жана учуп кетүүчү коштомо аралашмаларды камтыган этил спирти;
4) денатураланган этил спирти (денатурат) - этил спирти, ага спиртте эрий турган жана андан эң жөнөкөй физикалык-химиялык методдор (кайрадан тартуу, тоңдуруу, чыпкалоо ж.б.) менен бөлүнбөй турган жагымсыз жыттуу же даамдуу заттар кошулган этил спирти;
5) спирт камтылган продукция - даяр продукциянын көлөмүнүн 0,5 пайызынан ашык этил спирти камтылган азыктык же азыктык эмес продукция;
6) спирт камтылган азыктык продукция - алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн спирт камтылган жарым фабрикаттарды туюндурган, этил спиртинин көлөмдүк үлүшү 0,5 пайыздан ашык болгон алкоголдук продукция, анын ичинде мөмөдөн ачытылган шарап материалдары, мөмөдөн ачытылган-спирттүү шарап материалдары, жүзүм суслосу, спирттүү мөмө суслосу, спирттүү сусло, спирттүү ширелер, спирттүү тундурмалар, спирттүү морстор, жыттуу спирттер, суу-спирт экстракттары, концентрацияланган азыктык негиздер, азыкка жыт бергичтер, башка жарым фабрикаттар;
7) спирт камтылган азыктык эмес продукция - этил спиртин, спирт камтылган башка продукцияны же этил спиртин өндүрүүнүн спирт камтылган калдыктарын пайдалануу менен өндүрүлгөн даяр продукциянын көлөмүнүн 0,5 пайызынан ашык этил спирти камтылган азыктык эмес продукция (анын ичинде денатураланган спирт камтылган продукция, спирт камтылган парфюмердик-косметикалык продукция, ар кандай эритиндилер, эмульсиялар, суспензиялар);