Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 8-августу № 170
Илим жөнүндө
(КР 2026-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Укуктук жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам илим жана илимий-техникалык иш жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салат, илимий жана илимий-техникалык ишти жүзөгө ашыруунун негизги укуктук, уюштуруучулук, экономикалык негиздерин, илимий-техникалык маалымат системасынын иштөө негиздерин аныктайт.
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) аспирантура (адъюнктура) - илимий-изилдөө иштерин пландоо жана өз алдынча жүргүзүү боюнча компетенцияларга, ошондой эле илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алууга жекече илимий-квалификациялык ишти (диссертацияны) даярдоого мүмкүндүк берүүчү терең теориялык билимдерге ээ болгон илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоонун формасы;
2) илимий жана илимий-техникалык уюмдарды аттестациялоо - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген белгилүү бир талаптарга анын шайкештигин таануу максатында илимий жана илимий-техникалык уюмдардын ишин жалпы баалоонун жол-жобосу;
3) илимий-техникалык маалыматтар базасы - белгиленген максат үчүн жетиштүү болгон, анда камтылган маалыматты автоматташтырылган кайра иштетүүнү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берүүчү түрдөгү электрондук алып жүрүүчүдө берилген маалыматтардын топтому;
4) илимий-техникалык маалыматтар банкы - илимий-техникалык маалыматтардын бир же бир нече базасынан жана алардагы маалыматтарды сактоо, иштеп чыгуу жана издөө системасынан турган автоматташтырылган маалыматтык-издөө системасы;
5) грант - аларды пайдалангандыгы жөнүндө кийин отчет берүү менен илимий изилдөөлөрдү, илимий-техникалык программаларды, долбоорлорду жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди жүргүзүүгө юридикалык жана жеке жактарга акчалай же накталай формадагы кайтарымсыз субсидия;
6) илим жана илимий-техникалык иш жаатындагы мамлекеттик саясат - мамлекеттин илимий жана илимий-техникалык ишке карата мамилесин туюндурган, мамлекеттин илим, илимий-техникалык иш жана илимий-техникалык маалымат жаатындагы максаттарын, багыттарын, принциптерин, формаларын жана методдорун аныктаган мамлекеттин социалдык-экономикалык саясатынын курамдык бөлүгү;
7) мамлекеттик тапшырык - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин каражаттарынын эсебинен товарларды берүүгө, жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө тапшырык;
8) докторантура - илимий изилдөөлөрдүн жаңы багыты боюнча илимий-изилдөө иштерин уюштуруу же илимий изилдөөлөрдүн учурдагы актуалдуу багыттарын концептуалдуу өнүктүрүү, илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденип алууга жекече илимий-квалификациялык ишти (диссертацияны) даярдоого мүмкүндүк берүүчү илимий иштин натыйжаларын аналитикалык жалпылоо компетенцияларына ээ болгон илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоо формасы;
9) илимдин доктору - докторантурада жана/же изденүүчүлүк институтунда диссертациясын ийгиликтүү коргогондон кийин илимдин кандидаты окумуштуулук даражасына ээ болгон адамдарга ыйгарылуучу квалификациялык деңгээли;
10) философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор - тиешелүү окуу программасын жана диссертацияны коргоо менен илимий-изилдөө ишин аткарган адамдарга илимий жана башка кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн укук берүүчү жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү квалификациясынын деңгээли (базалык докторантура);