КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 16-октябры № 189
2022-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге кызматтарды электрондук формада көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алуу тартибин аныктоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене
2022-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге кызматтарды электрондук формада көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алуу тартибин аныктоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н.Жапаров |
2023-жылдын 5-октябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |