КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 23-октябры № 193
2023-жылдын 18-майында Сиань шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданий борборлорду өз ара түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене
2023-жылдын 18-майында Сиань шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданий борборлорду өз ара түзүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте кытай тарапка кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 27-октябрындагы № 86 (3535) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |