Редакцияот 13.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

 

2023-жылдын 13-ноябры № 197

 

"Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы. 2014-ж., № 3, 167-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

33-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө "30 пайызы" деген сөздөр "50 пайызы" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 17-ноябрындагы № 91 (3540) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

2023-жылдын 5-октябрында

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган