КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2017-жылдын 27-октябры № 706
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 664 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 664 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
- "Нарын облусу" позициясы төмөнкүдөй мазмундагы 6-8-пункттар менен толукталсын:
6 | Эркин күрөш боюнча олимпиялык резерв боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби | Нарын ш. |
7 | Чаек балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби | Жумгал району |
8 | "Дордо" балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби | Жумгал району |
- "Жайгашкан орду" графасындагы "Нарын облусу" позициясынын "5" цифрасы "8" цифрасына алмаштырылсын;
- "Жалал-Абад облусу" позициясы төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:
13 | Балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби | Кочкор-Ата ш. |
- "Жайгашкан орду" графасындагы "Жалал-Абад облусу" позициясынын "12" цифрасы "13" цифрасына алмаштырылсын;
- "Баткен облусу" позициясы төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
2-1 | Дене тарбиялык даярдоо боюнча балдар-өспүрүмдөр клубу | Кызыл-Кыя ш. |