Редакцияот 27.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 27-декабры № 838

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 707 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

Мыйзам долбоорлорун илгерилетүүнү координациялоо жана мамлекеттик саясатты натыйжалуу жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 707 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы жөнүндө жободо:

- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде мыйзам долбоорлорун жактоодон жана мамлекеттик органдын жетекчиси жок болгондо анын милдетин убактылуу аткаруу учурларынан тышкары, статс-катчыга мамлекеттик органдын тармактык функцияларын ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктардын берилиши мүмкүн эмес.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

С.Исаков