КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-октябры № 702
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Республикалык радиотелеборбор" мамлекеттик ишканасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-4-пунктунда:
- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-4. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Республикалык радиотелеборбор" мамлекеттик ишканасы 2017-2022-жылдардагы ишинин жыйынтыгы боюнча алынган таза пайдасынын 50 пайызын бюджетке төлөөдөн бошотулсун. Бошотулган каражаттар ишкананы техникалык жактан модернизациялоого жана көчмө телестанциясын сатып алуу үчүн алынган бюджеттик кредитти төлөөгө жумшалсын.";
- экинчи абзацындагы "2015-жылдагы" деген сөздөр "2017-2022-жылдардагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Исаков |