Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2018-жылдын 19-февралы № 98
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө", "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 91 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор жөнүндө жободо:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор (мындан ары - СМБ) стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук органдын функцияларын ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук мамлекеттик мекемеси болуп саналат.";
- мамлекеттик тилдеги тексттин 3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"СМБ белгиленген тартипте банктарда, казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептерди ачууга укуктуу.";
- II, III жана IV главалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"II. СМБнын максаттары
6. СМКнын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- эл аралык эрежелерге жана сунуштарга ылайык стандартташтыруунун улуттук системасын түзүү жана өнүктүрүү;