Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-августундагы № 480 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2018-жылдын 30-марты № 173
Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү конкурсун өткөрүүнүн натыйжалуулугун арттыруу максатында, "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-августундагы № 440 "Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 8-10-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Туруктуу негизде иштеген Комиссиянын курамына добуш берүү укугу менен төмөнкүлөрдүн бирден өкүлдөрү кирет:
- Конкурсту уюштуруучунун (Комиссиянын төрагасы);
- жаратылыш ресурстарын коргоо, калыбына келтирүү жана сарамжалдуу пайдалануу жагындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган);
- экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
"Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу" мамлекеттик мекемесинин;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын;
- аңчылыкты пайдалануучулар ассоциациясынын;