Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-ноябрындагы N 715 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2018-жылдын 12-апрели № 204
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 13-апрелиндеги № 201 "Кыргыз Республикасынын Аскер комиссариаттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аскер комиссариаттары жөнүндө жободо:
- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын коргоо министрлигинин райондордогу, шаарлардагы аймактык органдары" деген сөздөр "райондордогу, шаарлардагы аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пунктунун үчүнчү абзацындагы "аскер комиссариаттарынын алдындагы" деген сөздөр алып салынсын;
- 6-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Уюштуруу-мобилизациялык башкы башкармалыгы" деген сөздөр "коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8-пунктунун биринчи абзацындагы "Уюштуруу-мобилизациялык башкы башкармалыгы" деген сөздөр "Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
12-пунктунда:
- үчүнчү абзацындагы "Уюштуруу-мобилизациялык башкы башкармалыктын" деген сөздөр "Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;