Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 28-августундагы № 592
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2018-жылдын 19-апрели № 212
Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндөгү" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 1-пунктунда:
"ж" пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"с" пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 26-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясы | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы (макулдашуу боюнча) |