Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-майы № 250
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 654, 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 632, 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 579, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 654 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-ноябрындагы № 659 "Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө жободо:
- IX главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"IX глава Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар";
- 9.1-пунктунда:
биринчи абзацындагы "консулдук жыйымдарынын тарифине ылайык консулдук жыйымдарды" деген сөздөр "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын тарифине ылайык каражаттарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацындагы "Консулдук жыйымдар" деген сөздөр "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9.2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 9.3-пунктунда:
биринчи абзацындагы "Консулдук жыйымдарды жана чыныгы чыгымдардын ордун толтурууга байланышкан жыйымдарды" деген сөздөр "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацындагы "жыйымды" деген сөз "каражаттарды" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 9.4-пунктундагы "консулдук жыйымдар иретинде жана чыныгы чыгымдардын ордун толтурууга байланыштуу алган акча каражаттары" деген сөздөр "консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;