Загрузка документа…
7-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген |
"Тамак-аш азыктарын дүң жана чекене сатуучу объекттерге карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ ЖАНА ЧЕНЕМДЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 468 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор жана колдонуу чөйрөсү
1. "Тамак-аш азыктарын дүң жана чекене сатуучу объекттерге карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери (мындан ары - санитардык эрежелер) азык-түлүктөрдү дүң жана чекене сатуучу объекттердин (мындан ары - соода объекти) ишине карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарды белгилейт, ал талаптарды аткарбоо адамдардын ден-соолугуна же өмүрүнө коркунуч туудурат, ошондой эле оорулардын пайда болуу жана таралуу коркунучун жаратат.
2. Санитардык эрежелер курулуп, реконструкцияланып жана иштеп жаткан соода объекттерине карата колдонулат.
3. Соода объекттеринде сатылуучу азык-түлүк сырьелорунун жана тамак-аш азыктарынын ассортименти соода объектинин түрүнө жана тибине ылайык келиши керек. Соода объектинин пландалышы жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү азык-түлүк сырьелорун жана тамак-аш азыктарын кабыл алуунун, сактоонун, кайрадан иштетүүнүн жана сатуунун талап кылынуучу шарттарын, кызматкерлердин жеке гигиена эрежелерин сакташын камсыздоого тийиш.
4. Менчигинин түрүнө карабастан соода объекттеринде өндүрүштүк контролдоо уюштурулат.
2. Терминдер жана аныктамалар
5. Ушул санитардык эрежелерде төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) автодүкөн - товарларды сатуу үчүн жабдылган атайын автотранспорт каражат;
2) дүкөндүн администрациялык-тиричиликтик жайы - дүкөндүн администрациясын жайгаштыруу үчүн арналган жана тиричиликтик жайларды камтыган дүкөндүн бир бөлүгү;
3) товарлардын ассортименти (товардык ассортимент; товардык номенклатура) - кандайдыр бир белгиси же белгилердин жыйындысы боюнча бириктирилген товарлардын тобу;
4) товарлардын ассортименттик тизмеси - дайыма сатыкта болушу керек болгон товарлардын соода ассортиментинин бир бөлүгү;
5) чекене соода ишканасынын түрү - сатылуучу товарлардын ассортименти боюнча классификациялануучу чекене соода ишканасы;
6) товарлардын түрү - жалпы аталышы жана багыты менен бириктирилген белгилүү бир топтогу товарлардын жыйындысы;
7) кошулма дүкөн - адамдар жашаган имараттын габаритинде жайгашкан, имараттын узатасынан 1,5 м ашык эмес жана туурасынан 6 м ашык эмес чыгып турган дүкөн (үстү жабылган жүк түшүрүүчү бөлмөсү болсо);
8) көчмө дүкөн - атайын белгиленген жерге орнотулуучу, жеңил курулуучу, бир жерден экинчи жерге ташууга же жылдырууга ылайыкташтырылган дүкөн;
9) товарлардын тобу - керектөөчү касиеттеринин жана көрсөткүчтөрүнүн бирдей курамына ээ болгон белгилүү бир класстагы товарлардын жыйындысы;
10) гигиеналык ченем - жашоо чөйрөсүнүн тигил же бул факторун адам үчүн коопсуздук жана/же зыянсыздык позициясынан мүнөздөөчү көрсөткүчтүн изилдөөлөр менен аныкталган жол берилүүчү максимум же минимум сапаттык мааниси;
11) киоск - соода залы жок, атайын белгиленген жер участогуна орнотулган, соода жабдуулары менен жабдылган капиталдык эмес көчмө курулма;
12) товарлардын классы - окшош функциялык багыты бар товарлардын жыйындысы;
13) дүкөн - соодалык, көмөкчү, администрациялык-тиричиликтик жайлар, ошондой эле товарларды кабыл алуу, сактоо жана сатууга даярдоо үчүн жайлар менен камсыз кылынган атайын жабдылган туруктуу имарат (анын бир бөлүгү);
14) комбинацияланган ассортименттеги товарлар дүкөнү - керектөөнүн бирдейлигине жана керектөөнүн айрым түрлөрүнө байланышкан товарлардын бир нече түрлөрүн сатуучу чекене соода ишканасы;
15) аралаш ассортименттеги товарлар дүкөнү - азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарлардын айрым түрлөрүн сатуучу чекене соода ишканасы;
16) чекене (соода) тармагы - павильондор, киосктор, чатырлар, ошондой эле ташып чыгып жана көтөрүп жүрүп сатуучу чекене сооданы ишке ашыруучу соода тармагы;
17) тамак-аш азыктарын чекене сатуу объекти (соода объекти) - субъекттер чекене соода ишин жүргүзүү үчүн пайдалануучу мүлктүк комплекс (соода үйү, соода борбору, дүкөн, соода-рыноктук комплекс, автолавка);
17-1) тамак-аш азыктарын дүң сатуу объекти - тамак-аш азыктары таңгакталган түрдө турган дүң соода ишин жүзөгө ашыруу үчүн субъекттер тарабынан пайдаланылуучу мүлктүк комплекс (дүң азык-түлүк кампасы), бул объектте тамак-аш азыктары таңгакталбастан (ачык түрдө) турушу болжолдонгон тамак-аш азыктарын фасовкалоо, кайра таңгактоо жүргүзүлбөйт жана бул объекттен тамак-аш азыктарын берүү да таңгакталган түрдө жүргүзүлөт;
18) чекене (соода) объекттери - атайын бөлүнгөн жерге орнотулган түзүлүштөр, курулмалар, көчмө соода орундары (сатуучу автомат, көчмө дүкөн, чатыр, киоск);
19) дүң соода - товарларды үй-бүлөдө, үйдө же башка ушул сыяктуу керектөө менен байланышпаган максаттар үчүн андан ары сатууга арналган товар сатуу боюнча ишкердик;
20) дүкөндүн жалпы аянты - дүкөндүн бардык жайынын аянты;
21) чатыр - соодалык жабдуулар менен жабдылган жана атайын аныкталган жерге орнотулуучу, куралып-ажыратылуучу конструкциядан турган оңой орнотулуучу курулма;
22) дүкөндүн көмөкчү жайы - дүкөндүн жайынын көмөкчү кызматтарды жайгаштыруу жана технологиялык процессти тейлөө боюнча иштерди аткаруу үчүн арналган бир бөлүгү;
23) гигиеналык окутуу (санитардык минимум) - айрым кесиптик топторду (коомдук тамактануу, соода, коммуналдык чарба ж.б. кызматкерлерин) санитардык-эпидемияга каршы режимдин маселелери боюнча атайын даярдоо;
24) ташып сатуу - соода үчүн ылайыкташтырылган же атайын жабдылган транспорт каражаттарын, ошондой эле транспорт каражаты менен комплектиде гана колдонулуучу мобилдүү жабдууну пайдалануу менен стационар чекене тармактан тышкары ишке ашырылуучу чекене соода;
25) көтөрүп сатуу - стационар чекене тармактан тышкары, сатуучу менен сатып алуучунун үйдө, уюмдарда, транспортто же көчөдө жолугушуусу менен ишке ашырылуучу чекене соода;
26) чекене (соода) тарамагы - чекене соода ишканаларынан турган соода тармагы;
27) чекене соода - кардарлардын жеке пайдаланышы үчүн товарларды сатуу боюнча ишкердик;
28) санитардык эрежелер жана ченемдер - адам үчүн анын жашоо чөйрөсүндөгү факторлордун коопсуздугунун жана (же) зыянсыздыгынын критерийлерин жана анын жашоо тиричилигиндеги жагымдуу шарттарды камсыз кылуу боюнча талаптарды белгилөөчү актылар;
29) кампа жай - дүң соода ишканаларынын атайын жабдылган негизги өндүрүштүк, кошумча жана көмөкчү багыттагы өзүнчө бөлүнгөн жайы;
30) негизги өндүрүштүк багыттагы кампа жайы (оперативдик жай, операциялык жай) - товарларды кабыл алуу, сорттоо, сактоо, комплектилөө, сатуу жана жүктөө үчүн арналган кампа жайынын бир бөлүгү;
31) адистештирилген дүкөн - товарлардын бир тобун же анын бир бөлүгүн сатуучу чекене соода ишканасы;
32) чекене соода ишканасынын тиби - соода аянты жана сатып алуучуларды соодалык тейлөө формалары боюнча классификациялануучу белгиленген бир түрдөгү чекене соода ишканасы;
33) товардык коңшулаштык - товардын сапатына таасир этүүчү жагымсыз жыттардын кирүүсүн жана алардын булгануусун болтурбоо үчүн даяр жана чийки азык-түлүктөрдүн товардык коңшулаштыгын сактоо шарты;
34) соода - товарларды сатып алуу-сатуу жана кардарларга кызмат көрсөтүү менен байланышкан ишкердиктин түрү;
35) соода тармагы - конкреттүү аймактын чегинде жайгашкан же жалпы башкарууда турган соода ишканаларынын жыйындысы;
36) соода борбору - белгилүү бир аймакта жайгашкан, бир бүтүн катары пландалган, курулган жана башкарылуучу, өзүнүн аймагынын чегинде автомашиналарды коюучу жайы бар, товарлардын универсалдуу ассортиментин сатуучу жана кызматтарды көрсөтүүчү соода ишканаларынын жана/же кызмат көрсөтүүчү ишканалардын тобу;
37) соода үйү - соода объектилери жана коомдук тамак-аш объектилери өздөрүнүн администрациялык-тиричиликтик жайлары менен жайгашкан, автотранспорт каражаттарын коюучу аянты бар көп профилдүү стационар соода ишканасы;
38) соода автоматы - товарларды сатууга арналган автоматтык түзүлүшү;
39) соода комплекси - товарлардын универсалдуу ассортиментин сатуучу жана кеңири кызмат көрсөтүүчү, ошондой эле соода ишинин чарбалык тейлөө функцияларын борборлоштуруучу соода ишканаларынын жыйындысы;
40) универсалдуу дүкөн - азык-түлүк жана/же азык-түлүк эмес товарлардын универсалдуу ассортиментин сатуучу чекене соода ишканасы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 468 токтомунун редакциясына ылайык)