Загрузка документа…
10-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген |
"Жарандык авиациянын аба кемелеринин жүргүнчүлөрүнүн жана экипаж мүчөлөрүнүн борттук тамактануусун уюштурууга санитардык-эпидемиологиялык талаптар" САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ ЖАНА ЧЕНЕМДЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 158 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор жана колдонуу чөйрөсү
1. "Жарандык авиациянын аба кемелеринин жүргүнчүлөрүнүн жана экипаж мүчөлөрүнүн борттук тамактануусун уюштурууга санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери (мындан ары - санитардык эрежелер) Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын аба кемелеринин жүргүнчүлөрүнүн жана экипаждардын мүчөлөрүнүн арасында инфекциялык жана инфекциялык эмес оорулардын (уулануунун) чыгышын болтурбоо максатында иштелип чыккан жана борттук тамактануу цехтеринин жайларынын түзүлүшүнө, жабдуусуна, курамына, даяр тамактардын, тамак-аш азыктарынын жана муздак суусундуктардын ассортиментине, тамакты даярдоого санитардык талаптарды, борттук тамак-ашты жана идиш-аяктарды ташууга, ички жана эл аралык авиарейстерди аткарган аба кемелеринин бортунда тамактанууну уюштурууга карата талаптарды аныктайт.
2. Тамактарды даярдоо жана даяр тамактарды, тамак-аш азыктарын, муздак суусундуктарды жана спирт ичимдиктерин, пакеттелген чайды, кофени, кантты жана учуп баратканда авиажүргүнчүлөргө жана экипаж мүчөлөрүнө берүүгө арналган башка ушундай продуктуларды сактоо борттук тамак-аш цехтеринде гана ишке ашырылат.
2. Терминдер жана аныктамалар
3. Бул санитардык эрежелерде төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
1) аттестациялоо - кызматкердин даярдык деңгээлин, чеберчилигин, квалификациясын текшерүү;
2) борттук тамак-аш - авиаучуу учурунда бортто жүргүнчүлөргө сунуш кылынуучу тамак жана суусундуктар;
3) бласт-чиллер - шоктук тондуруу аппараты;
4) гастрономиялык товарлар - кулинардык жактан иштетпестен колдонууга даяр товарлар;
5) касалетка - даяр ысык тамак үчүн бир жолку идиш;
6) жарым фабрикат - алгачкы иштетүү болгон, бирок керектөөгө жарактуу болушу үчүн андан аркы биротоло иштетүүгө муктаж азык;
7) гигиеналык окутуу (санитардык минимум) - айрым кесиптик топторду (коомдук тамактануу, соода, коммуналдык чарба ж.б. кызматкерлерин) санитардык-эпидемияга каршы режимдин маселелери боюнча атайын даярдоо;
8) авиациядагы рампа - бул самолетко жүктөө жана андан түшүрүүгө арналган түзүлүш;
9) абаны рециркуляциялоо - иштетилген ички абаны кайталап пайдалануу;
10) санитардык эрежелер жана ченемдер - адам үчүн анын жашоо чөйрөсүндөгү факторлордун коопсуздугунун жана (же) зыянсыздыгынын критерийлерин жана анын жашоо тиричилигиндеги жагымдуу шарттарды камсыз кылуу боюнча талаптарды белгилөөчү актылар;
11) униформа - бирдей түспөлдө болуу үчүн бирдей үлгүдөгү форма, атайын (кызматтык) кийим.
3. Борттук тамак-аш цехтерин жайгаштырууга талаптар
4. Борттук тамак-аштын жаңы цехтерин долбоорлоо жана иштеп жаткандарын реконструкциялоо Кыргыз Республикасынын архитектура, курулуш жана тамак-аш азыктарын өндүрүү тармагындагы тиешелүү мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
5. Бардык жаңыдан курулуучу жана реконструкциялануучу борттук тамак-аш цехтерин аэропорттордун аймагында, аба кемелери токтоп турган жайларга болушунча жакын аралыкта, борттук тамак-ашты цехтен аба кемесине чейин жеткирүү үчүн убакытты болушунча азыраак кетирүүнү (1 сааттан ашык эмес) эске алуу менен жайгаштыруу зарыл.
6. Уюмдун аймагы тосулууга, нөшөрдүн суусу агып кетүүчү канализация системасы болууга тийиш. Ага баруучу жолдор, жүктөө-түшүрүү аянттары асфальтталууга же бетондолууга тийиш.
7. Борттук тамак-аш цехтерин долбоорлоодо, курууда жана реконструкциялоодо көлөмдүк-пландоочу жана конструкциялык чечимдер чийки заттын, жарым фабрикаттардын жана даяр продукциянын, комплекттелген борттук тамак-аштын жана рейстен кайтып келген тамак-аштын, таза жана пайдаланылган борттук идиштердин, шаймандардын утурлаш жана кайчылаш туш келишин болтурбоочу технологиялык процесстердин ырааттуулугун кароого тийиш.
8. Ишканада иштерди тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык шарттарда аткаруу үчүн зарыл өндүрүштүк аянттар болууга тийиш.
9. Борттук тамак-аш цехтеринин жайларынын жабдуулары өзүнө төмөнкүдөй топторду камтыйт:
а) өндүрүштүк топ - даярдоочу цех (чийки зат менен иштөөдө), камдоочу цех (жарым фабрикаттар менен иштөөдө жарым фабрикатты муздак жана ысык иштетүү, рациондор үчүн даяр тамактарды камдоо үчүн), көмөкчү (ашкана идиштерин, цехтин ичиндеги идиштерди жууп-тазалоо, нанды, кондитердик азыктарды, продуктулардын суткалык запасын сактоочу жайлар) ж.б.
б) комплекттөөчү топ жана экспедиция:
А - борттук тамак-ашты комплекттөөчү жай, борттук тамак-аштын рациондорун (арабаларды, тамак-ашы бар контейнерлерди жана муздак суусундуктары бар тор баштыктарды) салыштыруу, комплекттөө, кыска мөөнөттүү сактоо жана берүү үчүн жайлар;
Б - борттук идиштерди иштетүү, кабыл алуу, сорттоо, жууш, кургатуу, комплекттөө, кыска мөөнөткө сактоо жана берүү үчүн жайлар, суу куюу жана берүү үчүн электр титандардын, электрдик кайнаткычтардын участогу, рейстерден продукцияны алуучу участоктор;
в) кампалар тобу: бардык азыктар, ширелер, муздак суусундуктар, борт идиш-аягынын запасы, жүгүртүлүүчү фонд, салфеткалар, шаймандар үчүн (муздатылуучу жана муздатылбаган) кампалар, муз генераторлору, жууп-тазалоочу жана дезинфекциялоочу каражаттар, майлыктар үчүн участок, тамак-аш калдыктары үчүн камера;
г) техникалык топ: электр суу кайнаткычтарын оңдоочу участок, алардын дефектациясы каралат, электр туташтыруунун тууралыгы текшерилет, аба кемесине жөнөтөөр алдында суу кайнаткычтар штемпелдик туташтыргычка туураланат; стационардык муздатуучу агрегаттар, желдеткич камералар үчүн, электр щиттери, бойлердик же жылуулук түйүнү, мастерскойлор үчүн машина бөлүмүн жайгаштыруучу жай;
д) администрациялык-тиричилик тобу: персонал үчүн кабинеттер, санитардык-тиричиликтик жайлар (чечинүүчү жер, душ, санузель ж.б.), медициналык кызматкерлер үчүн жайлар (жана лабораториялар), кызматкерлер тамак ичүүчү жай ж.б.
10. Технологиялык операциялар ырааттуу аткарыла турган жайлардын ортосунда технологиялык өз ара байланыш сакталууга тийиш. Азыктар кайра кайтарылуучу жай комплекттөөчү рациондорго жана суткалык запастын муздак кампасына болушунча жакын болот. Порциялык бөлүм муздак тамак-аш жасалуучу жайга (муздак цех) тушташ болууга тийиш. Кайнак сууну даярдоо үчүн участок порциялык бөлүмдүн катарында болууга тийиш. Тамак-аш калдыктары үчүн камера муздатылгыдай, борттогу кир идиш-аякты сорттоочу жайдын жанына жакын, тамбур аркылуу сыртка чыккыдай болууга тийиш.
11. Жайлардын комплекттөөчү тобу хайлоудер (автолифт) үчүн жүктү түшүрүүчү жабык рампа менен бир деңгээлде жайгашат. Биринчи кабаттын жана рампанын полунун деңгээли хайлоудердин (автолифттин) полунун деңгээлине ылайык келүүгө тийиш. Эгерде кампа тобу жертөлөдө жайгашкан болсо, 1-кабатта жүк түшүрүү, көтөргүч үчүн аянт болушу керек. Бокстар - борттук тамакты бир аз мөөнөткө (15 мүнөттөн ашык эмес) сактоочу жайлар - рациондорду комплекттөөчү жер менен рациондорду берүүчү жердин ортосундагы өткөөл жайлар.
12. Борттук тамак-аш цехтеринде эки атайын рампа, бири - борттук тамак-ашты жана суусундуктарды хайлоудерге (автолифтке) жүктөө үчүн, экинчиси борттогу кир идиш-аякты, арабаларды түшүрүү үчүн каралат. Жүк түшүрүүчү аянттын жана рампалардын үстүндө рампанын же аянтчалардын узатасы боюнча бастырмалар орнотулат.
13. Ташгандыларды чогултуу үчүн аянтта капкагы бар металл контейнерлер каралат, алар бардык тарабынан тосулат жана асфальт аянтчаларда орнотулат, алардын өлчөмдөрү контейнерлердин түбүнүн аянтынан бардык тарабынан 1 метрге ашык. Таштанды чогулткучтар алардын көлөмүнүн 2/3 ден кем эмес бөлүгү толгондо тазаланат, бошотулгандан кийин сертификатталган дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен тазаланат жана дезинфекцияланат. Таштанды чогулткучтун аянты өндүрүштүк цехтерден кеминде 25 метр аралыкта жайгашат.
14. Борттук тамак-аш цехинин аймагы ыңгайлаштырылууга жана таза кармалууга тийиш.