Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин буйругу менен бекитилген 2018-жылдын “ 5 ” марты №1/1 |
Имараттардын жылуулук энергиясын керектөөсүн эсептөө боюнча
1-бөлүм. Колдонуу чөйрөсү
1. Имараттардын жылуулук энергиясын керектөөсүн эсептөө боюнча усулдук (мындан ары – Усулдук) Кыргыз Республикасынын бардык аймагында жана менчиктик формасына карабастан жылуулук энергиясын өндүрүүчү, бөлүштүрүүчү жана колдонуучу ишканалар жана уюмдар үчүн, турак үйлөрдүн, ишканалардын, коомдук жана административдик жайлардын жылуулук энергиясын керектөөсүнүн жылытуу, желдетүү, ысык суу менен камсыздоо муктаждыктарына жана технологиялык муктаждыктарына пайдаланылуучу эсебин аныктоо үчүн (долбоордук маалыматтары жок учурда), ошондой эле жылуулук тармактарындагы жоготууларды эсептөө үчүн иштетилет.
Объекттин жылуулук энергиясынын анык чыгымы эсептөө прибору боюнча аныкталышы керек, учурда иштеп жаткан “Жылуулук энергиясын пайдалануу эрежелерине” ылайык аткарылган жылуулук энергиясынын эсептөө приборунун жыйынтыгы боюнча гана жылуулук энергиясын керектөө, инженердик түйүндөрдө жоготуу, отканалардын жылуулук техникалык жабдууларынын эффективдүүлүгү ж.б. боюнча так маалымат алууга болот. Эсептөө прибору жок учурда жылуулук энергиясын пайдалануу көлөмү сырттагы абанын суткадагы орточо температурасына ылайык жана бул Усулдук боюнча аныкталат.
2-бөлүм. Жылуулук энергиясы
2. Жылуулук энергиясындагы керектөө керектөөчүлөрдүн категориясына жараша жана жылуулукту пайдалануунун төмөнкү структурасынан түзүлөт:
- Технологиялык муктаждык;
- Жылытуу;
- Желдетүү жана кондициялоо;
- Ысык суу менен камсыздоо.
Технологиялык муктаждык – бул технологиялык процесстерди аткаруу үчүн зарыл болгон жылуулук энергиясын пайдалануу.
Жылытуу – бул технологиялык процесстин талаптарына ылайык, адамдар үчүн жылуулук комфортунун шартында аныкталган, имараттарды көрсөтүлгөн температурада кармоо үчүн жылуулук жоготууларын кайтаруу менен жасалма жылытуу.
Желдетүү – бул имараттарда абанын таза болуусун жана метеорологиялык шарттарды камсыздоо жана кармоо (санитардык нормалардын талаптары), ошондой эле аба чөйрөсүн түзүү үчүн жабдуулардын сактыгына, технологиялык процесттердин талаптарына жооп берүү ж.б.
Ысык суу менен камсыздоо – бул керектөөчүлөргө 570С төмөн болбогон же түйүн суусунун (сууну түз бөлүштүрүү учурунда) температуралык графигине ылайык жана учурдагы нормага ылайык көлөмдө ысык суу берүү.
Жылуулук –жылуулук алмашуу учурунда системадан берилүүчү же алынуучу энергиянын көлөмү (системанын өзгөрбөгөн сырткы параметринде: көлөмү ж.б.).