Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 358 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 327 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоо жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
Илимий кадрлар - илимий-маалыматтык жана долбоордук-конструктордук иштерди кошкондо илимий билимдерин өндүрүшкө пайдаланууга жана практикада пайдалануу үчүн илимий жыйынтыктарын даярдоого түздөн-түз катышуучу кесипкөй даярдалган адистер.
Илимий-педагогикалык кадрлар - жогорку окуу жайдын кызматкерлеринин эки тобун: профессордук-окутуучулук курамды жана негизги иштеген жери боюнча жогорку окуу жайларда педагогикалык жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзгөн илимий кызматкерлерди бириктирген кесипкөй даярдалган адистер.
Илимий жана илимий-техникалык уюмдар - илимий-изилдөө, тажрыйба-конструктордук жана долбоордук-изденүүчүлүк жана башка илимий-техникалык иштерди жүргүзгөн юридикалык жактар.
Магистрдик программа - лицензиянын болушу менен ырасталган магистрлерди даярдоо боюнча толук жогорку кесиптик билим берүү программасы.
Окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңеши - жогорку окуу жайдын, илимий же илимий-техникалык уюмдун сунуштоочу коомдук-кесипкөй башкаруу органы.
2. Докторантура
1. Докторантура - илимий жана илимий-техникалык уюмдарда жана жогорку окуу жайларда (мындан ары - илимий уюмдар жана ЖОЖдор) жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоонун формасы.
2. Илимий уюмдарда жана ЖОЖдордо докторантура ачуу, ошондой эле анын ишин токтотуу илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен ишке ашырылат.
Докторантура ачуу же иштеп жаткан докторантурага жаңы илимий багыттарды жана адистиктерди киргизүү жөнүндө сунуштар илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга илимий уюмдардын жана ЖОЖдордун жетекчилери тарабынан жиберилет, анда илимий адистиктердин тизмеги, ар бир адистик боюнча илимий жетекчилердин курамы көрсөтүлөт, алардын илимий эмгектеринин тизмеги, докторантура ачууну же жаңы илимий адистиктерди киргизүүнү негиздеген өтүнүч каты, профессордук-окутуучулук курамдын штаттык тизмеси, илимий жана илимий-педагогикалык кадрлардын курамы, ошондой эле ЖОЖдун же илимий уюмдун окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешинин чечими тиркелет.
Иштеп жаткан докторантурага кошумча илимий адистиктерди киргизүү илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен ишке ашырылат.
Илимий уюмдарда жана ЖОЖдордо докторантура ачуу, анын ишин токтотуу тиешелүү экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин жүзөгө ашырылат жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен таризделет.
Экспертиза илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат.