Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуна ылайык) |
Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби
жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби
жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 442, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385, 2023-жылдын 3-мартындагы № 121, 2023-жылдын 13-июнундагы № 296, 2024-жылдын 7-июнундагы № 302, 2025-жылдын 27-сентябрындагы № 623 , 2025-жылдын 7-октябрындагы № 642, 2026-жылдын 15-июнундагы № 421 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн, "Бала Береке" бир жолку төлөмүн, "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөкпулун, "Бала ырысы" ар айлык жөлөкпулун кошпогондо, мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу жана чектөө тартибин аныктайт, бала төрөлгөндө бир жолку "балага сүйүнчү" төлөмүн, "Бала Береке" бир жолку төлөмүн, "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөкпулун, "Бала ырысы" ар айлык жөлөкпулун кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылган адамдарга, ошондой эле "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик жөлөкпулдар чектелген адамдарга мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмегин белгилейт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июнундагы № 421 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби
2. Мамлекеттик жөлөкпулду алууга укугу бар, жашы жеткен аракетке жөндөмдүү адамдар аны чектөөгө кайрыла алышат.
Мамлекеттик жөлөкпулду чектөөгө арыз социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча жашаган/турган жерине карабастан, эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча коэффициенттер белгиленген калктуу конуштарда жашаган адамдар мамлекеттик жөлөкпулга кайрылган учурларды кошпогондо, алуучунун кайрылган жери боюнча социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө (мындан ары - аймактык бөлүм) берилет.
Эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенттеринин өлчөмдөрү белгиленген калктуу конуштарда жашаган жарандарга (үй-бүлөлөргө) мамлекеттик жөлөкпул чектөөгө арыз жашаган/турган жери боюнча аймактык бөлүмгө берилет.
Мамлекеттик жөлөкпулду чектөөгө арыз (эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенттеринин өлчөмдөрү белгиленген калктуу конуштарда жашаган жарандар (үй-бүлөлөр) тарабынан берилген арыздардан тышкары) арыз ээсинде квалификациялуу электрондук колтамга болгон учурда электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук формада берилиши мүмкүн. Мында мамлекеттик жөлөкпул чектелүүгө тийиш болгон арыз ээси/адам жөнүндө мамлекеттик органдардан маалымат ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу суралат.
3. Мамлекеттик жөлөкпул чектеле турган адам жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз болгон учурда мамлекеттик жөлөкпулду чектөө жөнүндө арызды анын ата-энесинин (асырап алуучуларынын, камкорчуларынын/көзөмөлчүлөрүнүн) бирөөсү берет. Мында жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз адамдын ата-энеси (асырап алуучулары, камкорчулары/көзөмөлчүлөрү) бөлөк жашаса, анда арызды жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз адам менен бирге жашаган ата-энеси (багып алуучусу, камкорчусу/көзөмөлчүсү) берет.
4. Ата-энеси (багып алуучусу, камкорчусу/көзөмөлчүсү) ооруп калганда же жүйөлүү себептер боюнча жашаган/турган жеринен сырткары убактылуу чыгып кеткен учурда мамлекеттик жөлөкпулду чектөөгө арыз жарандык мыйзамдардын талаптарына ылайык таризделген ишеним катты берген ишенимдүү адам тарабынан берилиши мүмкүн.
5. Мамлекеттик жөлөкпулду чектөө маселеси боюнча консультация алууга кайрылган учурда арыз ээси менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт, анын жүрүшүндө мамлекеттик жөлөкпулду чектөө жана төлөө тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулду чектөөгө кандай документтерди берүү зарылдыгы жөнүндө түшүндүрмөлөр берилет.
Консультация процессинде арыз ээси социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча социалдык жардамдын корпоративдик маалымат системасындагы (мындан ары - СЖКМС) мамлекеттик жөлөкпулдар боюнча консультацияларды каттоо журналына катталат. Журнал ар бир барагынын толтурулушуна жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес басып чыгарылат. Журналдардын чыгарылган барактарына аты-жөнүн жана чыгарылган күнүн көрсөтүү менен аймактык бөлүмдүн жооптуу адисинин колу коюлат.