Редакцияот 17.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баетов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХII сессиясы

2022-жылдын 17-марты № XII/3

“Жайыт пайдалануучулар” бирикмесинин 2022-жылга кызмат көрсөтүү боюнча тарифтерин бекитүү жөнүндө.

“Жайыт пайдалануучулар” бирикмесинин 2022-жылга кызмат көрсөтүү боюнча тарифтерин бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баетов жайыт пайдалануучулар бирикмесине тиешелүү погрузчик техникасынын 2022-жылга кызмат көрсөтүү акысы:

-шагыл, кум, топурак жүктөө үчүн ХОВО-1200(бир миң эки жүз), Камаз-600( алты жүз), ЗИЛ-400(төрт жүз), ГАЗ-53—300(үч жүз) сом өлөмүндө;

-Баетов айыл аймагынын тургундарынын ар андай жумуштарына келишим менен кызмат көрсөтүү 1 саатка ГСМ-25 литр жана акысы 2500 (эки миң беш жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Баетов айылдык Кеңешинин “Депутаттык иш, мыйзамдуулук, укук коргоо тартиби” боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

Ч.Азимжанов