Редакцияот 17.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баетов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХII сессиясы

2022-жылдын 17-марты № XII/5

Ак-Талаа Автотранс Жоопкерчилиги чектелген коомунун кайрылуусу жөнүндө

Ак-Талаа Автотранс Жоопкерчилиги чектелген коомунун кайрылуусун угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Талаа Автотранс ЖЧКсынын Бишкек - Баетов маршруттук каттамынын жол киресинин баасын 500 сомго которуу боюнча кайрылуусуна макулдук берилсин.

2. Ак-Талаа Автотранс ЖЧКсынын Нарын-Баетов маршруттук каттамынын жол киресинин баасын 200 сом өлчөмүндө которуу боюнча кайрылуусуна макулдук берилсин.

3. Калкты тейлоодо авто унаалардын техникалык жактан талапка жооп берүүсүн камсыздоо, ылдамдык режимин, санитардык, журум турум эрежелерин сактоону колго алуу Ак-Талаа Автотранс ЖЧКсынын жетекчилигине тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдү жүргүзүү Депутаттык иш, мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын 

 

Төрага:

 

Ч.Азимжанов