Редакцияот 17.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баетов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХII сессиясы

2022-жылдын 17-марты № XII/8

Баетов айылдык Кеңешинин курамдык структурасына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө.

Баетов айылдык Кеңешинин курамдык структурасына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баетов айылдык Кеңешинин тармактык комиссиясынын курамдык структурасы 2 жылдык мөөнөткө өзгөртүүсүз калтырылсын.

2. Баетов айылдык Кеңешинин депутаты Шыгаев Курман Абдралиевич Социалдык маселелер боюнча тармактык комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Баетов айылдык Кеңешинин депутаты Токтогулова Астра Бектурсуновна Депутаттык иш, мыйзамдуулук жана укук таритиби маселелери боюнча тармактык комиссиясынын курамына киргизилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Төрага:

Ч.Азимжанов