Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 343 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2018-жылдан 29-июну № 306
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 1561 жана 282-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 657, 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691, 2020-жылдын 30-мартындагы № 191 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 1561 жана 282-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө тариздөө мүмкүн болбогон учурлар болуп төмөнкүлөр белгиленсин:
- электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана киргизүү мезгили;
- электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана киргизүү мезгилинде КНС төлөбөгөндөр тарабынан товарларды импорттоо жана/же экспорттоо.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда эсеп-фактураны кагаз жүзүндө үч нускада тариздеп жана бир нускасын салыктык катталган жери боюнча салык органына берүү менен андан ары электрондук эсеп-фактураны тариздөө 2020-жылдын 1-июлунан тартып ишке ашырылат;
- электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана киргизүү мезгилинде КНС төлөөчү эсеп-фактураны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 569 "Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген форма боюнча жана тартипте тариздейт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 657, 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691, 2020-жылдын 30-мартындагы № 191 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 569 "Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгы боюнча эсеп-фактураларга серияларды жана номерлерди ыйгаруу тартибинде: