Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 токтомуна |
Кыргыз Республикасында пробалык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 37Ю, 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 634 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар, асыл таштар жана алардан жасалган буюмдар менен операцияларды ишке ашырган юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге, алардын менчигинин түрүнө карабастан коюлуучу негизги талаптарды, аларды эсепке алууга жана отчет берүүлөрүнө, ошондой эле баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды ишке ашыруу тартибине коюлуучу талаптарды аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын аймагындагы пробалык көзөмөл баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды өндүрүү (курамында баалуу металлдар жана асыл таштар бар кендерди казып алуу жана баштапкы кайра иштетүү менен байланышкан операцияларды кошпогондо), пайдалануу, жүгүртүү, эсепке алуу жана сактоо, бул баалуулуктар менен Кыргыз Республикасынын аймагында операцияларды аткаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Пробалык көзөмөл - баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзгөн юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин эреже бузууларынын алдын алууга, аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган уюштуруучу-техникалык жана укуктук иш чаралардын, террористтик иштерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, баалуу металлдарды жана асыл таштарды өндүрүү (баалуу металлдарды жана асыл таштарды камтыган кендерди казып алуу жана баштапкы кайра иштетүү менен байланышкан операцияларды кошпогондо), пайдалануу, жүгүртүү жана эсепке алуу жаатындагы мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердеги ченемдеринин, талаптарынын системасы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзгөн юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин милдеттери
4. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзгөн юридикалык жактар жана жеке ишкерлер төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 292 токтому менен бекитилген Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды ишке ашырган юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди атайын эсепке алуу тартиби жөнүндө жободо белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда атайын эсепке турууга;
- баалуу металлдар, асыл таштар жана алардан жасалган буюмдарды ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды калктан сатып алуу пункттарынын ишинин эрежелеринде белгиленген тартипте эсепке алууну жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын аткарууга;