Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 220 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-апрелиндеги № 245 токтому менен бекитилген |
Баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө типтүү жобо
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 8-июлундагы № 508, 2004-жылдын 17-августундагы № 622, 2008-жылдын 27-августундагы № 377, 2012-жылдын 2-июнундагы № 355, 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 511, 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 512, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-августундагы № 121 , 2022-жылдын 1-августундагы №425, 2023-жылдын 23-июнундагы № 312, 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 628 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бул Типтүү жобо "Баштапкы кесиптик билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде иштелип чыккан жана баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдарынын окуу, тарбия, методикалык иштеринин жана өндүрүштүк иш-аракеттеринин тартибин аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары болуп республиканын бардык жарандарына алардын кызыкчылыктарына жана жөндөмдөрүнө, ошондой эле мамлекеттин муктаждыгына ылайык адистиктерди жана квалификацияларды алуу үчүн бирдей укук жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуучу окуу жайлар эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Негизги баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайларына төмөнкүлөр кирет:
- кесиптик окуу жай, анда өз алдынча эмгек ишмердиги үчүн жетиштүү болгон квалификация алууну камсыз кылуучу баштапкы кесиптик билим берүү программалары жүзөгө ашырылат;
- кесиптик лицей, анда орто жалпы билимдин базасында квалификациясы жогорку деңгээлдеги кесипти алууну камсыз кылуучу баштапкы кесиптик билим берүү программалары жүзөгө ашырылат же болбосо окутуу орто жалпы жана баштапкы кесиптик билим берүүнүн бирдиктүү интеграцияланган программалары менен жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлары өз иштерин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, "Билим берүү жөнүндө", "Баштапкы кесиптик билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ушул Типтүү жобонун жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларынын негизинде жүргүзөт.
4. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлары өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү жана өзүнүн мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталыштары түшүрүлгөн мөөрү, өз алдынча балансы, жүгүртмө каражаттары болот.
5. Баштапкы кесиптик билим берүүнүн белгилүү бир кесиптери боюнча даярдоо укугуна мамлекеттик аккредитация жөнүндөгү күбөлүк баштапкы кесиптик билим берүүнүн окуу жайларынын иштөөсү үчүн негиз болуп эсептелет. Ар бир жаңы ачылуучу кесиптер (адистиктер) боюнча даярдоо программасына аккредитациялык корутунду болушу керек. Окуу жайлар ар бир беш жылда аккредитациядан өтүүгө милдеттүү. Аккредитациядан өткөн окуу жайлар бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди берүүгө укуктуу.