Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 токтомуна |
Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 433, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152, 2022-жылдын 31-майындагы № 284, 2023-жылдын 22-мартындагы № 151, 2024-жылдын 15-августундагы № 475 , 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 273 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) иштеген адамдарга убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду берүү жана кызматкерлерге, юридикалык жакты түзбөстөн ишкердикти жүргүзгөн жеке ишкерлерге, дыйкан (фермер) чарбасынын мүчөлөрүнө, ошондой эле белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укуктуу аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартибин жөнгө салат.
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан жарандарына, анын ичинде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген мамлекеттер аралык макулдашууларга катышкан өлкөлөрдүн жарандарына, тарыхый мекенине кайтып келген жана "кайрылман" статусун алган этностук кыргыздарга, ошондой эле менчигинин формасына жана ишинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын ишканаларында, уюмдарында жана мекемелеринде иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата колдонулат.
Ушул Жобо коргоо, чек ара кызматы, өзгөчө кырдаалдар системасынын аскер кызматчыларына, улуттук коопсуздук органдарынын, жазаларды аткаруу органдарынын жана мекемелеринин, ички иштер органдарынын, бажы органдарынын кызматкерлерине колдонулбайт, буга ушул аталган ведомстволордун эркин жалданган кызматкерлери кирбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152, 2024-жылдын 15-августундагы № 475 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
кызматтык маяна - кызматкердин убакыт бирдигинде белгилүү бир татаалдыктагы (квалификациядагы) иштин ченемин (кызматтык милдеттерди) аткаргандыгы үчүн эмгек акысынын аныкталган өлчөмү;
эмгек акы - иштин татаалдыгына, санына, сапатына жана шарттарына жараша эмгек үчүн берилүүчү акы (ордун толтуруу), ошондой эле компенсациялык жана кызыктыруучу мүнөздөгү төлөмдөр;
жеке ишкер - юридикалык жакты түзбөстөн ишкердикти жүргүзгөн жеке адам;
дыйкан (фермердик) чарба (мындан ары - дыйкан чарба) - юридикалык жактын статусуна ээ болгон, же өзүнүн ишин юридикалык жакты түзбөстөн жүргүзүүчү, иши басымдуу түрдө айыл чарба продукциясын чогуу өндүргөн бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн, туугандардын жана башка адамдардын эмгегине негизделген өз алдынча чарбалык субъект, анын базасы дыйкан чарбанын мүчөлөрүнө менчик укугунда таандык болгон же пайдаланууга (ижарага) алынган жер участогунан жана башка мүлктөн турат;
убактылуу эмгекке жарамсыздык - ооруга, травмага же мыйзамда каралган башка себептерге байланыштуу кызматкердин такыр эле иштөөгө же өз адистиги боюнча жумуш аткарууга кыска мөөнөткө жараксыздыгы;
эмгекке жарамсыздык баракчасы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-февралындагы № 152 токтому менен бекитилген Дарылоочу-алдын алуучу уюмдарда эмгекке убактылуу жарамсыздыкты экспертизалоо боюнча нускамага ылайык саламаттык сактоо уюмдары тарабынан берилген, ооруп калган, мертинген, кош бойлуу болгон жана төрөгөн учурларда жарандардын убактылуу эмгекке жарамсыздыгын ырастаган документ;
жалпы эмгек стажы - болгон тыныгууларга карабастан эмгектик жана башка коомдук-пайдалуу иштин суммалык узактыгы;
пайдалануучу (ижарачы) - ижара берүүчүдөн Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондуна таандык болгон жерлерден белгиленген тартипте жер участогун алган Кыргыз Республикасынын жеке же юридикалык жагы;
кызматкер - иш берүүчү менен эмгек мамилесине кирген жеке жак;