Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы №434 токтомунун 2- тиркемеси |
Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26 августундагы № 152, 2023-жылдын 22-мартындагы № 151, 2024-жылдын 15-августундагы N 475 , 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 273 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) сөөк коюуну уюштурууда тарткан чыгымдардын ордун жарым-жартылай толтуруу үчүн жарандарга расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоонун жана төлөөнүн тартибин регламенттейт.
Ушул Жобо төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
- коргоо, чек ара кызматы, өзгөчө кырдаалдар тутумунун аскер кызматчыларына, улуттук коопсуздук органдарынын, жазаларды аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин, ички иштер органдарынын, бажы органдарынын кызматкерлерине жайылтылбайт, буга жогоруда аталган ведомстволордун эркин жалданган кызматкерлери кирбейт;
- кызматтык милдеттерин аткаруу учурундагы мертинүүгө, кесиптик ооруга же ден соолугуна келтирилген башка зыянга байланыштуу каза болгон кызматкерлерге. Эмгек мыйзамдарына ылайык жабыркаган адамдын өлүмүнө байланыштуу зыян келтиргендиги үчүн жооптуу иш берүүчү сөөк коюуга чыгым тарткан адамдын зарыл чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттүү. Чыгымдардын өлчөмү тараптардын макулдашуусу боюнча же сот тарабынан аныкталат;
- сот тарабынан дайынсыз жоголду деп таанылган жана каза болду деп жарыяланган жарандарга.
2. Ушул Жободо төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат:
жумушсуздар - эмгекке жарамдуу курактагы, жумушу же орношуп иштеген ишмердикке теңештирилген иши жок, эмгек акысы (кирешеси) жок, ылайыктуу жумуш табууну каалаган жана анда иштөөгө даяр жарандар;
арыз ээси - каза болгон адамдын сөөгүн иш жүзүндө койгон адам (үй-бүлөнүн жашы жеткен мүчөлөрү же туугандык даражасына карабастан башка адамдар);
жеке ишкер - юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик жүргүзгөн жеке адам;
дыйкан (фермердик) чарба (мындан ары - дыйкан чарба) - юридикалык жактын статусуна ээ болгон, же өзүнүн ишин юридикалык жакты түзбөстөн жүргүзүүчү, иши басымдуу түрдө айыл чарба продукциясын чогуу өндүргөн бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн, туугандардын жана башка адамдардын эмгегине негизделген өз алдынча чарбалык субъект, ал дыйкан чарбанын мүчөлөрүнө менчик укугунда таандык болгон же пайдаланууга (ижарага) алынган жер участогунан жана башка мүлктөн турат;
расмий жумушсуздар - эмгекке жарамдуу курактагы, калкты ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик кызмат органдарында жумушу же иштеген жумушка барабар болгон иши жок катары катталган, эмгек акысы (кирешеси) жок, ошондой эле ылайыктуу жумуш табууну каалаган жана анда иштөөгө даяр жарандар;
ведомстволук бөлүм - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алдындагы калктын социалдык жактан аялуу катмарларына натыйжалуу жана даректүү социалдык коргоону ишке ашырууга чакырылган ведомстволук бөлүм (Социалдык коргоо департаменти);
кызматкер - иш берүүчү менен эмгектик келишим түзгөн жеке адам;
иш берүүчү - кызматкер менен эмгектик мамилеге кирген жеке жак же юридикалык жак (уюм);