Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 31-октябры № 512

Жеке турак үйлөр курулуп калган сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин бекитүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-мартындагы № 172, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 7 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)" өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 12, 13-бөлүктөрүндө каралган сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 7 токтомунун редакциясына ылайык)

11. Ушул токтомдун жүзөгө ашырылышы үчүн жекече жоопкерчилик которулуп жаткан участок жайгашкан жердин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысына, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына, ошондой эле шаардын мэрине жүктөлөт деп аныкталсын.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

М. Абылгазиев