Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 442 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 536 токтомуна |
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын соттолгондорго социалдык жардам көрсөтүү маселеси боюнча түзөтүү мекемелери менен өз ара аракеттешүү ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул, Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын соттолгондорго социалдык жардам берүү маселесинде жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелери менен өз ара аракеттешүү тартиби (мындан ары - Тартип) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын соттолгондорго социалдык жардам көрсөтүү жана аларды бошонгондон кийин социалдык коштоо маселесиндеги функцияларын аныктайт.
2. Бошонууга даярданып жаткан соттолгондорго социалдык жардам көрсөтүү маселесин чечүүдө түзөтүү мекемесинин администрациясы төмөнкү органдар менен бирдикте аракеттенет:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
- пробация органдары;
- калкты каттоо органдары;
- саламаттык сактоо органдары;
- эмгек жана социалдык өнүктүрүү органдары;
- билим берүү органдары;
- ички иштер органдары.
Жашы жете электерге социалдык көмөк көрсөтүү маселеси боюнча түзөтүү мекемесинин администрациясы жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана мэриялардын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиялар менен өз ара аракеттенишет.