Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599 токтомуна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-октябрындагы № 530, 2019-жылдын 9-октябрындагы № 532, 2020-жылдын 7-декабрындагы № 596 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо автомототранспорт каражаттарын, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, тракторлорду, стационардык технологиялык түзүлүштөрдү жана жабдууларды (мындан ары - транспорт каражаттары) каттоо, кайра каттоо, айдоочулук күбөлүктөрдү, тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү жана айдоочуларга транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берүү жаатында иштөөчү, ыйгарым укуктуу мекеме болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемесинин (мындан ары - мамлекеттик мекеме) ишин регламенттейт.
Мамлекеттик мекеме өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын буйруктарын, башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 532 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мамлекеттик мекеменин уюштуруу документи болуп Жобо эсептелет.
3. Мамлекеттик мекеменин уюштуруучусу - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү.
4. Мамлекеттик мекеменин толук фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси";
расмий тилде: "Государственное учреждение "Унаа" при Государственной регистрационной службе при Правительстве Кыргызской Республики".
Кыскартылган фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилде: "Унаа" ММ";
расмий тилде: "ГУ "Унаа".