Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 803 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-декабрындагы № 603 токтомуна) |
Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 168, 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 544, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 132 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Бузуулардын бирдиктүү реестрин (мындан ары - ББР) түзүүнүн жана колдонуунун тартибин, ошондой эле аны колдонуу менен министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик жана сот органдарынын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларынын ортосунда ишке ашырылуучу маалымат алмашуунун негиздерин белгилейт.
2. ББР Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык төмөнкү максаттарда түзүлөт жана колдонулат:
- бузууларды жасаган жактарды каттоо;
- бузууларды, колдонулган жаза чараларын жана кошумча укуктук кесепеттерди, бузуулар жөнүндө иштер боюнча токтомдорду, ошондой эле аларга даттануу учурунда соттордун чечимдерин аткарууну каттоо;
- кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик жана сот органдары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу;
- бузуулар жөнүндө иштерди кароону, колдонулган жаза чараларын жана кошумча укуктук кесепеттерди ачык-айкын эсепке алууну камсыз кылуу;
- статистиканы түзүү, прокурордук көзөмөлдү жана бузуулар жөнүндө иштерди эсепке алуу боюнча бирдиктүү контролду жүргүзүү;
- ББР системасында ишенимдүү сактоону жана ага ыңгайлуу жетүүнү уюштуруу менен, ушул чөйрөдө бирдиктүү маалыматтык мейкиндиктин иштеши;
- жарандардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына тийиштүү маалыматтарга алардын жетүүсүн камсыздоо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 132 токтомунун редакциясына ылайык)
3. ББРдин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: