Редакцияот 28.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 28-январы № 19

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

 

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын аймагына чет мамлекеттердин транспорт каражаттары киргенде айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөрдү алуу тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-майындагы № 285 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын аймагына/аймагынан чет мамлекеттердин жүк ташуучу автоунаа каражаттары киргенде/чыкканда айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөрдү алуу тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 702 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин экологиялык посттору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 3-пункту;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 44 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 1-февралындагы N 7 жарыяланды

 

Премьер-министри

 

М. Абылгазиев