Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 токтомуна |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-августундагы № 400, 2019-жылдын 30-декабрындагы № 722, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350, 2022-жылдын 10-августундагы № 443 , 2026-жылдын 30-январындагы № 42 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу мыйзамына ылайык пробация чөйрөсүндө иш жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин (мындан ары - Департамент) иш тартибин аныктайт.
2. Департамент уюштуруу-укуктук формасы боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
3. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомнун редакцияларына ылайык)
4. Департаменттин кызматкерлери мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналат.
5. Департамент юридикалык жактын укук жөндөмүнө ээ, анын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз алдынча балансы жана ыкчам башкаруу укугунда өзүнө бекитилген мүлкү, алыш-бериш жана башка эсептери бар.
6. Департаменттин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы бар мөөрү, белгиленген үлгүдөгү башка мөөрлөрү, штамптары жана бланктары бар.
7. Департаменттин ишин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги контролдойт.
8. Департаменттин штаттык санын, түзүмүн, башкаруу схемасын, борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн штаттык тизимин белгиленген штаттык санынын чегинде Министрлик бекитет.
9. Департаменттин толук аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти";
расмий тилде: "Департамент пробации при Министерстве юстиции Кыргызской Республики".
Департаменттин кыскартылып аталышы:
мамлекеттик тилде: "Пробация департаменти";