Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 18-декабрындагы № 765
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 36 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга туризм чөйрөсүн өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫ
I. Киришүү
Туризм чөйрөсү Кыргыз Республикасынын экономикасынын эң артыкчылыктуу жана экспортко багытталган тармактарынын бири болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга туризм чөйрөсүн өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) туризм чөйрөсүндөгү заманбап дүйнөлүк тенденцияларды жана республиканын туристтик индустриясынын учурдагы кырдаалын чагылдырат.
Программада туризм чөйрөсүндө олуттуу натыйжаларга жетүү үчүн максаттар, милдеттер, иш-чаралар конкреттүү мөөнөттөр, жооптуу аткаруучулар жана финансылык ресурстар системалуу негизде аныкталган.
Азыркы учурда туризмдин динамикалуу өсүшүн, анын экономиканын башка секторлоруна сезилерлик мультипликативдүү таасирин, коомдун жана айлана-чөйрөнүн бакубаттыгын көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын туристтик тармагы келечекте өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болушу керек.
Программада жана Иш-чаралар планында өлкөнүн региондорун социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө олуттуу көңүл бурулган, ал туристтик тармакты өнүктүрүү локомотиви болуп саналат.
Региондорду өнүктүрүүнүн актуалдуулугун эске алып, Программа эң биринчиден калктын жашоо деңгээлин көтөрүүгө жана анын мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга, айлана-чөйрөнүн туруктуулугуна жана кайта калыбына келишине, жер-жерлерде маданий турмуштун ар түрдүүлүгүн кеңейтүүгө багытталат.
2019-жыл Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыяланды, ага ылайык Программа менен туризм чөйрөсүн санариптештирүүгө жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн андан ары жылдырууга, ошондой эле 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын негизги багыттарына көңүл бурулат.
Көптөгөн драмалуу жана баатырдык окуяларга бай кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхы, улуу "Манас" эпосу, өзгөчө рухий маданияты, уникалдуу салт-санаалары, мейман достугу жана элинин жөнөкөйлүгү, мурункудай сакталып калган табияты жана бийик тоо кыркаларынын жана түшүмгө бай өрөөндөрүнүн таза экологиясы - Кыргызстанда туризмдин бардык түрлөрүн өнүктүрүү үчүн визиттик карточка болот.
Кыргыз Республикасынын аймагындагы артыкчылыктуу жаратылыш жана тарыхый-маданий объекттердин картасы
Сүрөттүн графикалык көчүрмөсүн караңыз.
II. Рыноктун дүйнөлүк тренддери жана Кыргыз Республикасындагы туризмдин учурдагы абалы
Азыркы учурда туризм дүйнөлүк экономиканын тез өнүгүп келаткан секторлорунун бири болуп саналат. Туризм бюджеттерди толтуруу, региондук өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана жергиликтүү калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу менен, дүйнөнүн көп мамлекеттеринде маанилүү экономикалык ролду ойнойт.