Редакцияот 4.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

 Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXХ сессиясы

 

2020-жылдын 4-декабры № 33

Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун курамын бекитүү жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарттары жөнүндө” (03.09.2012-жылдагы № 603),   “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” (03.07.2014-жылдагы № 302) токтомдоруна ылайык,  Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун кайрадан түзүү боюнча сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги XXX сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1.Токтогул шаарында Биргелешкен мониторинг жана баалоо (БМжБ)  тобунун курамы ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн курамда жаңыланып түзүлгөндүгү белгиленсин, тиркеме бекитилсин.   

2. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндөгү жободо белгиленген милдет, максат, принциптерге  ылайык иш алып баруу үчүн   бир жылдык иш план иштелип чыксын.

3. Иш пландын негизинде  аткарылган иштер боюнча Токтогул шаардык кеңешине маалымат берип туруу жагы каралсын.

4.Бул токтомду  аткаруу БМжБ тобунун төрагасына ( А.Касымовго) тапшырылсын.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Токтогул шаардык кеңешинин туруктуу тапшырылсын.

6.Токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.

7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

8. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап  Токтогул шаардык кеңешинин 03.08.2018-жылдагы кезектеги  V  сессиясынын № 10 токтомунун 3-тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын

 

Төрага

М.Н.Жусупахунов

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 

04.12.2020-жылдагы кезектеги  XXX  сессиясынын

№ 33 токтому менен бекитилди   

 

Тиркеме

 

Токтогул шаарынын аймагында муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштырып, алардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын сапатына мониторинг  жүргүзүү боюнча Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун курамы

 

№

Аты жөнү

Туулган жылы

Иштеген жери

Топтун курамында

Жашаган

жери

Байланыш телефону

1

Касымов Алмаз Рахматиллаевич

03.09.1984

Шаар тургуну

Төрага

Тоголок Молдо № 47

0 776 3603 60

2

Джаныбаева Айнура Омушевна

10.07.1972

шаардык кеңештин депутаты

Төраганын орун басары

Кенжетаев Шакир № 11

0 773 16 01 77

3

Караева Динара Текишовна

29.08.1970

шаардык кеңештин депутаты

катчысы

Исраилов № 39

 0 70700 04 61

4

Бадыров Мелис Болотбекович

22.04.1963

шаардык кеңештин депутаты

мүчөсү

Кушубаков № 37

 0773 457059

5

Тойчубеков Урмат Кадырбекович

21.07.1985

шаардык кеңештин депутаты

Мүчөсү

Сүйналиев №41

0 706 55 55 64

6

Ашырбекова Калия

09.08.1958

Аялдар кеңешинин төрайымы

мүчөсү

Ашыров № 17

0 777 278753

7

Демин Виктор

29.01.1979

шаар тургуну

мүчөсү

А.Суеркулов № 6/6

0 70413 04 38

Төрага:                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                          М.Н.Жусупахунов