Редакцияот 13.09.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2017-жылдын 13-сентябры № 444

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Таалатбек Шамудинович Масадыковдун ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер Таалатбек Шамудинович Масадыковдун ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, 1, 2, 3, 4, 5-бөлүктөрүн "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Таалатбек Шамудинович Масадыковдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Турдалиев Канат Есалиевич катталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Таалатбек Шамудинович Масадыковдун катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө бекитилген үлгүдөгү ырастама берилсин.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова