Редакцияот 26.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXXXV сессиясы

 

2020-жылдын 26-июну № 177

Кадамжай шаарынын Жаңы-Жер участкасынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө

 

Кадамжай  шаардык кеңеши Кадамжай шаарынын Жаңы-Жер участкасынын тургундарынын 2020-жылдын 26-июнундагы шаардык кеңешке 350 метр узундуктагы ички көчөгө асфальт төшөө үчүн элдин демилгеси менен 200 миң акча топтолгонун билдирип, шаардын бюджетинен кошумча 235 миң акча каражатын бөлүп берүүнү суранышкан кайрылууну карап чыгып талкуулап 

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Жаңы-Жер участкасынын 350 метр узундуктагы ички көчөсүнө асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджеттен 235 миң (эки жүз отуз беш миң) акча каражаты бөлүнүп берилсин. 

2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кадамжай шаардык кеӊешинин төрагасы

 

Э.Ураимов