Редакцияот 10.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXXXVII сессиясы

 

2020-жылдын 10-июлу № 179

Кадамжай шаарындагы аймактык ооруканасына эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кошумча дем берүүчү кычкылтек концентраторлорун сатып алуу жөнүндө

 

Кадамжай шаардык кеңеши аймактык оорукананын 2020-жылдын 7-июлундагы чыгыш № 01-20/347 сандуу кайрылуу катын жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун  карап жана талкуулап чыгып 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.    Кадамжай шаардык мэриясынын бюджетинен жыл башында 3112-статьясына (эмерек сатып алууга) каралган акча каражатын башка статьяга (медициналык дары-дармектер, аппараттар) жылдырып, азыркы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 4 даана кычкылтек концентраторун сатып алууга уруксат берилсин.

2.    Токтомдун аткарылышы шаардын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кадамжай шаардык кеӊешинин төрагасы

 

Э.Ураимов