Редакцияот 22.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз 50- сессиясы

2020-жылдын 22- октябры № 192

Горная көчөсүн бетондоо жумуштарына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө 

 

Кадамжай шаардык мэриясынын 2020-жылдын 19-октябрындагы 1-598 номери менен чыгышталган кайрылуусун, каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап талкуулап чыгып Кадамжай шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Горная көчөсүн бетондоо жумуштарына 110 000 (бир жүз он миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен ажыратылып берилсин. 
  2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кадамжай шаардык кеӊешинин төрагасы

 

Э.Ураимов