ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кенешинин 27-чакырылган кезексиз XXVIII (жыйырма сегизинчи) сессиясы
2020-жылдын 3-апрели №179/XXVIII-27
Ысык- Ата районунда жарыяланган биологиялык – социалдык мүнөздөгү Өзгөчө кырдаал абалына даярдыктарды көрүү максатта акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Ысык-Ата районунда жарыяланган биологиялык – социалдык мүнөздөгү Өзгөчө кырдаал абалына даярдыктарды көрүү максатта Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутттары маселени угуп, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинен калган калдыктан 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражатынын 50,0 (элүү миң) сому соц.жардамга, 50,0 (элүү миң) сому кызматтык автоунаага тектиктерди сатып алууга, 100,0 (жүз миң) сому дезинфекциялоочу, коргонуучу, ж.б. кенсе товарларды алууга каралсын.
2. Каралган акча каражаттарынын сарпталышын туура камсыз кылуу максатта төмөндөгү курамда комиссия түзүлсүн:
-Комиссиянын төрагасы Т.Байсымаков-Ысык-Ата айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы.
-Комиссиянын мүчөлөрү: М.Тойкеев, А.Байтиков, Б.Джумашев, Б.Айылчинов, Н.Ибраимов, С.Чикеев, Акылбек кызы А., Т.Алыкулов.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Т. Чолпонбаев |