Редакцияот 28.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2020-жылдын 28-январь №122/XXXV-1

Каныкей (Ломоносова) 14/1, Коммунистическая 5/1, Коммунистическая 5/4, Калинина 7  дарегинде жайгашкан ээси жок кыймылсыз мүлктөрдү Кайыңды шаарынын мэриясынын  балансына алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 257 беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө”  мыйзамынын  18-беренесинин  4,5,11 пункттарына ылайык, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Каныкей (Ломоносова) 14/1, Коммунистическая 5/1, Коммунистическая 5/4, Калинина 7 дарегинде жайгашкан ээси жок кыймылсыз мүлктөрдү Кайыңды шаарынын мэриясынын балансына алынсын.

2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайынды шаардык кеңешинин жер жана турак-жай маселелери боюнча депутаттарынын туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Төрага

У. Б. Абдрасулов