Абды Суеркулов Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XXVI сессиясынын
2020-жылдын 26-февраль №109
Долбоорду ишке ашыруу үчүн өздүк салымга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексине ” ылайык Жалал- Абад областынын Өнүктүрүү фонду аркылуу Кара Жыгач айылындагы 200 орундуу айылдык клубун куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Долбоордун жалпы наркы 11 193 869 сом болгондуктан анын ичинен 559 693 сом
( жалпы наркынын 5 % ) долбоорго өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
- Аталган долбоорду Жалал- Абад Өнүктүрүү фонду аркылуу ишке ашыруу үчүн тиешелүү иш аракеттер көрүлсүн.
- Токтомду аткаруу жоопкерчилиги Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Жуматаевге жана ФЭБ башчысы Анарбек кызы Гүлзадага милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы Абды Суеркулов айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
- Токтомду www. Тorken.kg веб сайтына жайгаштыруу оператор-компютерщик Т.Кебековго тапшырылсын.
- Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Кеңештин төрагасы: | У. Бучуков |