БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXII- сессиясы
2020-жылдын 10-июну № 3
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун кайрылуусун кароо жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы № 19-А. Казаков атындагы орто мектебин ыссык-тамака өткөрүү маселеси боюнча жазган сунушун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун № 19-А. Казаков атындагы орто мектебин Бириккен Улуттар уюмунун Бүткүл Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен ыссык тамака өткөрүү жөнүндөгү сунушу эске алынсын.
- № 19-А. Казаков атындагы орто мектебин ысык тамака өткөрүү максатында ашкананын ремонту үчүн суралган 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
- Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын мыйзамдуу пайдалануу жагы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кенешинин финансы бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Маматаевке жүктөлсүн.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков |