БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXII- сессиясы
2020-жылдын 10-июну № 4
Айыл өкмөттүн штаттык бирдигине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому жана 2020-жылдын 05-февралындагы № 64 “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомун угуп жана талкуулап, Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXX II — сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому жана 2020-жылдын 05-февралындагы № 64 “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө”токтомунун негизинде жооптуу катчынын 1 штаттык кызмат ордун эсептеп, штаттык ырааттамасына 1-июльга карата киргизүү айыл өкмөттүн Финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмоновко милдеттендирилсин.
- Айылдык кеңештин жооптуу катчысы кызмат ордуна 2020-жылдын 1-июлунан баштап айлык маяна эсептелсин.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков |