Редакцияот 10.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXII- сессиясы

 

2020-жылдын 10-июну № 5

Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун кайрылуусун кароо жөнүндө

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун айыл өкмөттүн аймагындагы жер маселеси боюнча 2020-жылдын 03-июнундагы  № 01-16/628  сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап, Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги   XXX II — сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2020-жылдын 03-июнундагы  № 01-16/628  сандуу кайрылуусу эске алынсын.
  1. Айыл өкмөттүн аймагындагы жер аянттарына этият мамиле жасоо, жер маселесин чечүүдө мыйзам бузууларды болтурбоо, максаттуу иш алып баруу жагы колго алынсын.
  1. Айыл өкмөттүн аймагындагы жер аянттарын иретке келтирүү жагы айыл өкмөт башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
  1. Такталган маалыматтар айылдык кеңештин алдында түзүлгөн жер комиссиясынын кароосуна коюлуп Бүргөндү айылдык кеңешинин келээрки сессиясына сунушталсын.
  1. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы:

З.Арстанбеков