Редакцияот 27.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXIII- сессиясы

 

2020-жылдын 27-июну № 1

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун кайрылуусун кароо жөнүндө

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун  2020-жылдын 25-июнундагы  № 01-16/697  сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап, Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги   XXX III — сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2020-жылдын 25-июнундагы  № 01-16/697  сандуу кайрылуусу эске алынсын.
  1. 2020-жылдын 24-июнь күнү Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Ношкен айылынын туругундары менен болгон жыйындын № 8 протоколу жана жыйындын жүрүшүндө кабыл алынган Ношкен айылына кошумча бир шайлоо участогун ачуу жөнүндөгү чечими бекитилсин
  1. Жаңы шайлоо участогун ачууга тиешелүү иш кагаздарын даярдап тапшыруу жагы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
  1. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясына сушун, кайрылуу жеткирүү менен жаңы шайлоо участогун ачууга көмөктөшүү жагы Ноокен райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
  1. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы:

З.Арстанбеков