Редакцияот 31.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 12- кезексиз сессиясы

 

2020-жылдын 31-январь № 1

 

Соц пакеттен түшкөн акча каражатты ачык айкын, сарамжалдуу пайдалануу жөнүндө

«Беш-Арча» ЖЧКсынын соц пакетинен түшкөн акча каражатты ачык айкын, сарамжалдуу пайдалануу үчүн айыл өкмөтүнүн атайын эсебине которуу максатында:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Майдан айыл аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан «Беш-Арча» ЖЧКсынын соц пакетинен түшкөн 2019-жылдагы калган акча каражатын жана 2020-жылга төлөнүүчү акча каражатын ачык айкын, сарамжалдуу жана эфективдүү пайдалануу максатында айыл өкмөтүнүн атайын эсебине которулсун.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж. Тагаев